Суроолор жана жооптор

Жалпы суроолор

Кайдан жана кайсы приложениени жүктөп алсам болот?
Бизде 2 мобилдик тиркеме бар, эгерде сиз аны мугалим катары колдонууну кааласаңыз, анда "ЭлМектеп.Мугалим" тиркемесин жүктөп алышыңыз керек, эгерде ата-эне же окуучу катары колдоном десениз, анда "ElMektep" жуктонуз. Бардык мобилдик тиркемелерди PlayMarket жана Appstore платформаларында жүктөөгө болот.
Системага кантип катталып, кирүүгө болот?
Бизде акысыз катталуу мүмкүнчүлүгү жок. Эгерде сиздин мектебиңиз биздин тутумга туташкан болсо гана кире аласыз. Толук маалыматты класс жетекчисинен же 8181 кыска номерине чалып билууго болот.
Сиз иштешкен мектептердин тизмесин кайдан тапсам болот?
Биз менен иштешкен бардык мектептердин тизмесин "Байланыш картасы" бөлүмүнөн таба аласыз же шилтеме аркылуу өтүңүз: https://elmektep.kg/kg/map/
Кызматыңызды кайсы түзмөктөрдө колдоно алабыз?
Биздин кызматтарды INTERNET тармагына кирүү мүмкүнчүлүгү бар, каалаган түзмөктөн колдонсо болот. (Ноутбук, смартфон, планшет, стационардык компьютер).
Ата-эне жана балдар үчүн кандай маалыматтар көрсөтүлөт?
Приложениеде жана жеке кабинетте баалар, үй тапшырмалары, сабакка катышуу, мугалимдин эскертуулору жана билдирүүлөрү көрсөтүлөт.
Бир нече баланы бир профилге кошсо болобу?
Биздин программа бир нече балдарды бир тиркемеге кошууга мүмкүндүк берет, бул балдардын жетишкендиктерин бир шаймандан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул кызмат биздин адистер тарабынан жүргүзүлөт, бул үчүн сиз 8181 номерине чалышыныз керек. Программа ошондой эле баланын экинчи ата-энесин же жакын туугандарын кошууга да мүмкүнчүлүк берет.
"ЭлМектеп" деген эмне?
"ЭлМектеп" - бул окуучуларды жана алардын ата-энелери үчүн колдонууга берилген кызмат, ошол эле көпчүлүккө тааныш кундолук,бирок электрондук турдо жүзөгө ашырылат. Ал кагаз түрүндөгү вариантынан ыңгайлуураак, мобилдүүроок жана ата-энелер менен мектеп администрациясы баланын жетишкендиктери жөнүндө ар дайым өз убагында ишенимдүү маалымат алып турушу менен айырмаланат.
Мугалимдин Жеке кабинетине салыштырмалуу "ЭлМектеп.Мугалим" Мобилдик тиркемесинин иштеши эмне үчүн төмөндөдү?
"ЭлМектеп.Мугалим" мобилдик тиркемеси максималдуу жөнөкөйлөтүлгөн жана колдонууга оңой. Мугалим күн сайын аткара турган маанилүү функцияларды гана коштук, мисалы, баа коюу, үй тапшырмасын берүү, келген жоктугун белгилөө, билдирүүлөрдү жөнөтүү. Системанын бардык башка функциялары Мугалимдин Жеке кабинетинде жеткиликтүү болот.
Паролду кантип калыбына келтирсем болот?
Паролду калыбына келтирүү үчүн, башкы беттеги "паролду унутуп" баскычын басып, андан кийин "ЛОГИНДИ" киргизиңиз (+996 коду менен уюлдук телефон номери), сиз ырастоо коду менен SMS билдирүү алгандан кийин, бул кодду сапка киргизип, андан кийин жаны парольду жазуу керек. Паролунуз латын тамгалар менен, кеминде 8 белгиден турушу керек жана чоң тамга, кеминде 1 санды камтышы керек.
Менде смартфон жок болсо кандай кылам?
Сиз компьютерди колдоно аласыз. Биздин www.elmektep.kg сайтыбызда мугалимдин, ата-эненин жана окуучунун жеке кабинетине кирүү бөлүмү бар, озунуздун жеке кабинетинизден керектүү маалыматтардын бардыгын таба аласыз.

Бизге жазыңыз

Эгерде сизге кызматташуу боюнча биздин менеджерлердин кеңеши керек болсо

Developed by Sunrise Studio 2021

Мага чалыңыздар

Кайра чалуу үчүн сураныч калтырыңыз

Жабуу

Ийгиликтүү жөнөтүлдү!

Ката текст!

Lorem ipsum dolor sit amet, consectetur adipiscing elit ut aliquam, purus sit